Түркиядан термалдык камералар чет өлкөгө экспорттолуп жатат

HBF  Электроникалык жана коопсуздук системаларынын куруучусу Хакан Кекик, акылдуу имараттарда жана ар түрдүү жерлерде колдонулушу үчүн 3 өлчөмдүү жүздү таануучу технологияны колдонгон кире беришти текшерүүчү система  жасап чыгаргандарын айтты.

1426696
Түркиядан термалдык камералар чет өлкөгө экспорттолуп жатат

Түркияда бир фирма тарабынан атамекендик мүмкүнчүлүктөр менен жасалып чыккан термалдык камералар, АКШ жана Англия дагы арасында болгон бир топ өлкөгө экспорттолууда.

HBF  Электроникалык жана коопсуздук системаларынын куруучусу Хакан Кекик, акылдуу имараттарда жана ар түрдүү жерлерде колдонулушу үчүн 3 өлчөмдүү жүздү таануучу технологияны колдонгон кире беришти текшерүүчү система  Facestationду  жасап чыгаргандарын жана жаңы типтеги кронавирус (Ковид-19) менен бирге бул системаларда жүздүү таануу алдыңкы планга чыкканын жана товарларына талап көбөйгөнүн айтты.

Муну менен бирге турникет сыяктуу таасирдүү текшерүүсү болбогон кире бериштерге карай термалдык камера жасап чыгарууну да ишке ашыргандарын белгилеген Кекик, Facestation Maxi модели менен бир эле убакта 30 кишиге чейин температурасын өлчөй алганын маалымдады.

Кекик, термалдык товарлары базарга чыккан алгачкы күндөн тарта абдан көп буюртма болгонун баса белгилеп, товарлардын баасы да ыңгайлуу экендигин айтты.

Термалдык товарларды АКШ, Англия жана Түштүк Африкага экспорттогондорун түшүндүргөн Кекик: «10дон ашуун өлкөдөн да өкүлчүлүк талабы бар. Бул тармактагы атамекендик товардын алгач ирет экспортунун жасалышы да кубандырат»,-деди.



Тектеш кабарлар