Түркиянын парфюмерия экспорту
Парфюмериянын экспорту өстү.
Түркиянын ушул жылдын биринчи чейрегинде ишке ашырган парфюмерия экспортунун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга көбөйүп 17 миллион 210 миң 430 долларга жетти.
Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, январда 4 миллион 905 миң 591 доллар, февралда 6 миллион 913 миң 711 доллар жана март айында 5 миллион 391 миң 128 долларлык парфюмерия экспорттолду.
Өткөн жылдын биринчи чейрегинде 15 миллион 552 миң 89 долларды түзгөн парфюмериянын экспорту быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 10,7 пайыз өсүп 17 миллион 210 миң 430 долларга жетти.
Бул сумма акыркы 8 жылдын эң мыкты биринчи чейрек көрсөткүчү болду.
Бул мезгилде эң жогорку экспорт 2 миллион 765 миң 141 доллар менен АКШга жасалды.
Андан кийин 1 миллион 250 миң 35 доллар менен Улуу Британия жана 958 миң 441 доллар менен Сенегал турат.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.