Түркиянын айыл чарба азыктарынын экспорту коронавируска карабастан өстү
Экспорттун көлөмү 2,9 пайыз өстү.
Түркиянын айыл чарба азыктарынын экспорту жылдын биринчи чейрегинде 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайыз өстү.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиянын айыл чарба азыктарынын экспорту, жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын таасириндеги январь-апрель мезгилинде тышкы соодасын катыштык негизде эң көп арттырган сектор фундук жана азыктары болду. Бул сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32,6 пайызга көбөйүп 754,3 миллион долларга жетти.
Экспорттогу өсүүдө бул сектордон кийин тышкы соодасы 21,6 пайызга көбөйүп 756,3 миллион доллар болгон мөмө-жемиш жана жашылчалар, 12,9 пайыз өсүп 565,4 миллион доллар болгон жашылча-жемиштер жана 4,1 пайыз өсүп 2,4 миллиард долларга жеткен дан азыктары, май өсүмдүктөрү жана азыктары турат.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.