Патара менен Чыралы эң мыкты пляждардын катарына кирди

«The Guardian» гезити эң мыкты пляждардын тизмесин даярдады.

1410832
Патара менен Чыралы эң мыкты пляждардын катарына кирди

Туризмдин борбору Антальяда жайгашкан Патара жана Чыралы, Британиянын «The Guardian» гезитинде Европадагы эң мыкты 30 пляждын катарына кирди.

Кемердин муниципалитет башчысы Нежати Топалоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, коронавирустан кийин эс алууну пландаштыргандар үчүн эң мыкты пляждардын тизмесин даярдаган «The Guardian» гезитинде Түркиядан 5 пляждын орун алгандыгын белгиледи.

Бул тизмеде Антальянын Патара жана Чыралы пляждары бар экенин айткан Топалоглу: «Биздин аймак, жергиликтүү жана чет өлкөлүк конокторду өзүнө тартууну улантууда. Бул жер каретта каретталардын уялаган аянты. Конокторубуз күн чыгышта каретта каретталардын балдарынын деңизге бет алуусун да көрө алышат. Биз туристтик сезонго даярбыз»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар