Түркия 2020 - жылдын биринчи айында эң жогорку санда туристти тосуп алды

2019 – жылды туризмди рекорд менен жапкан Түркия  январь айында бардык учурлардын эң жогорку чет элдик турист санына жетти.

1365198
Түркия  2020 -  жылдын биринчи айында эң жогорку санда туристти тосуп алды

 2019 – жылды туризмди рекорд менен жапкан Түркия  январь айында бардык учурлардын эң жогорку чет элдик турист санына жетти.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда 2020 -  жылдын январь айында Түркияга 1 миллион 787.435 чет элдик келген. Өткөн жылдын ушул эле айына караганда 16, 11 пайызга өсүп бардык учурлардын эң жогорку январь айындагы турист санына жетти.

Маданият жана туризм министрлигинин статистикаларына караганда Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде өткөн жылга караганда 21, 22 пайыздык өсүү менен Болгария биринчи орунду алды. Тизмелөөдө 18, 06 пайздык өсүү менен Грузия экинчи болсо Орусия үчүнчү орунду алды. Орусиядан кийин Германия менен Иран келди.

Чет элдик туристтер кирген чек ара капкалары караштуу болгон облустардын тизмесинде 1 миллион 17 миң 34 турист менен Стамбул биринчи, 222.494 турист менен Эдирне экинчи, 152.976 турист менен Анталия үчүнчү, 143.679 турист менен Артвин төртүнчү, 34.365 турист менен борбор шаар Анкара бешинчи орунду  алды.



Тектеш кабарлар