Түркиянын Грузия жана Азербайжан менен абдан мыкты карым-катнаштары бар

Министр Чавушоглу, Түркия, Грузия жана Азербайжандын ортосундагы кызматташтык жана майрамдашуунун аймактагы коңшу өлкөлөргө да үлгү болушун тиледи.

1328382
Түркиянын Грузия жана Азербайжан менен абдан мыкты карым-катнаштары бар
Memmedyarov-Zalkaliani-Cavusoglu1.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия, Грузия жана Азербайжандын ортосундагы кызматташтык жана колдошуунун аймактагы коңшу өлкөлөргө да үлгү болушун тиледи.

Чавушоглу, Түркия-Грузия-Азербайжандын Тышкы иштер министрлеринин үчтүк 8-жыйналышы өткөрүлгөн Тбилисиде , Азербайжан кесиптеши Элмар Меммедяров жана грузин кесиптеши Давид Залкалиани менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын Грузия жана Азербайжан менен абдан мыкты карым-катнаштары болгонун белгилеген Чавушоглу: «Арабыздагы кызматташтык жана колдошуунун аймактагы коңшу өлкөлөргө үлгү болушун тилейбиз»,-деп айтты.

Жыйналышта «Үчтүк сектордук иш-аракет планын» кабыл алгандарын түшүндүргөн Чавушоглу, бул план менен энергетика, транспорт, соода, туризм, айыл чарба, билим берүү, экология жана маданият сыяктуу тармактарда жүргүзүлгөн кызматташтыктын дагы тереңдей турганын баса белгиледи.

Үч өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода карым-катнаштарын дагы өнүктрүүгө чечкиндүү болгондорун белгилеген Чавушоглу: «Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун ташуу көлөмү арттырылышы боюнча иштөөбүздү улантууга чечим чыгардык. Соода көлөмүбүздү арттырыш үчүн соода агымын жеңилдете турган бажыкана процедураларын шайкеш абалга келтиришибиз керек»,-деп айтты.

Түркия, Азербайжан жана Грузиянын эегемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн жактаганын айткан Чавушоглу: «Азербайжан жана Грузиянын эл аралык аренада кабыл алынган чек араларынын ичинде учурдагы кагылышуулардын тынчтыкчыл жолдор менен чечилүүсүнүн маанисин баса белгиледик»,-деди.

Чавушоглу,  үч өлкөнүн террор менен күрөшүү жаатында колдошуу боюнча чечкиндүүлүктө экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар