JCR: "Түрк экономикасы калыбына келе баштады"

JCRдин расмий интернет барагынан берилген жарыяда Түркияда инфляциянын АКШ менен карым-катнаштардагы жакшыруу жана мамлекеттик инфраструктура каржылоолорундагы төмөндөөдөн кийин ырааттуулукка ээ болгону белгиленди.

1319055
JCR: "Түрк экономикасы калыбына келе баштады"

Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү уюм Japan Credit Rating Agency (JCR), эсеп кысап ашыкча болуп чыгышы менен Түрк экономикасынын кайрадан калыбына келе баштаганын жарыялады.

JCRдин расмий интернет барагынан берилген жарыяда Түркияда инфляциянын АКШ менен карым-катнаштардагы жакшыруу жана мамлекеттик инфраструктура каржылоолорундагы төмөндөөдөн кийин ырааттуулукка ээ болгону белгиленди.

Анда: «Бул абалдар менен түрк органдары, Эл аралык Валюта Кору (IMF) дагы кошулган тышкы колдоого көз каранды болуп калбастан инфляцияны өз билишинче токтотуу жагынан ийгиликке ээ боло алды»,деген сереп салынды.

Жарыяда Түркиянын экономикасына 2018-жылдын акыркы чейрегинен кийин үч чейрек бою төмөндөө болгону, бирок эсеп-кысаптардын ашыкча болууусу менен экономиканын кайрадан калыбына келе баштаганы белгиленди.

Финансылык мекемелер тарабынан кармалган валюта агымынын кайрадан келе баштаганын баса белгилеген жарыяда, «JCR, өсүү катнашынын 2019-жылдын толугунда жөнөкөй түрдө позитив болуусун күтүүдө. Валюта курсу жылдык инфляциянын 10 пайыздын астына түшүшү менен кайрадан ырааттуулукка ээ болду. JCR, финансы жана акча саясаттарынын астында экономиканын 2020-2022-жылдар аралыгында жумшак өсүү багытын алышын күтүүдө»,делди.

Жарыяда айрыкча финансылык кемчиликтин улуттук дүң продукцияга катнашынын 3 пайыздын астында калышы күтүлгөнүнө да орун берилди.

 



Тектеш кабарлар