Түрк банктары мыкты капиталдаштырылган
Эл аралык финансы институтунун отчетунда Түркияда банктар мыкты капиталдаштырылгандыгы жана мунун кирешени арттырары белгиленди.
Эл аралык финансы институтунун отчетунда Түркияда банктар мыкты капиталдаштырылгандыгы жана мунун кирешени арттырары белгиленди.
Эл аралык финансы институтунун Борбордук-Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймагынын көрүнүшүнө байланыштуу 2019 сентябрь отчетунун Түркия бөлүгү жарыяланды. Отчетто Түркияда карыз болуу чыгымдарынын саясаттагы өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы катары катуу түрдө түшкөндүгү белгиленип, банктардын насыя пайыз катнаштарын бул айдын башында, июль айында жогорку чегине жеткен 28 пайыздан 15 пайызга түшүргөндүгү эске салынды. "Банктар мыкты капиталдаштырылган жана бул кирешени арттырат",- деп билдирилген отчетто банктардын насыя жөндөмдүүлүгүн жогорулатары да баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.