АКШ менен Кытай сүйлөшүү үстөлүнө олтурат
АКШ жана Кытайдан жылуу билдирүүлөр айтылды.
1259557
Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу «олку-солку» болуп турат...
Акыркы апталарда кошумча бажы салыктары менен бири-бирине кыр көрсөткөн эки өлкө, бул ирет макулдашуу изденүүсү менен кайрадан үстөлгө олтура тургандарынын белгисин берди.
АКШнын президенти Дональд Трамп, Кытайдын келишим түзүүнү каалаганын баса белгилеп, «Жолугушууларды жакынкы убакта баштайбыз»,-деди.
Пекин бийлигинен дагы чыңалуунун азайтылышы керектиги боюнча маалыматтар келди.
Кытайдын вице-премьери Лю Хэ: «Соода согушунун күчөп кетишине кескин түрдө каршыбыз»,-деди.