Пакистандын туризм потенциалын түрктөр таанытат
Дүйнөлүк туризм форуму Пакистанда өткөрүлөт.
Пакистандын туризм потенциалын түрктөр дүйнө жүзүнө таанытат.
Дүйнөлүк туризм форумунун башчысы Булут Багжы билдирүүсүндө: «Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугушуубузда 2020-жылдагы Дүйнөлүк туризм форумун Пакистанда өткөрүүгө чечим чыгардык»,-деди.
Форумдун 2020-жылдын 24-28-февраль күндөрүнүн аралыгында миңден ашуун делегаттын жана Англиянын мурдагы премьер-министри Тереза Мэй сыяктуу эл аралык тармакта маанилүү ысымдардын катышуусунда өткөрүлө турганын билдирген Багжы: «Форумдун алкагында Пакистандын туризм потенциалын бүткүл дүйнөгө түшүндүрөбүз. Ушул алкакта өлкөнүн туризм кирешесин 5 жылдын ичинде 8 миллиард доллардан 30 миллиард долларга жеткирүүнү максаттап жатабыз. Айрыкча 2,5 миллионго жакындаган чет элдик турист санын да бул процессте 15-20 миллионго жеткирүү негизги пландарыбыздын бири болуп саналат. Б.а туристтердин санын кеминде 6 эсе көбөйтүүнү максаттап жатабыз»,-деп айтты.
Багжы премьер-министр Имран Хан менен өлкөнүн чыныгы туризм потенциалын ортого салуу үчүн аракет кылгандарын, Белужистан аймагынын Араб деңизинин жээктеринде 8 жаңы туристтик борбор кура тургандарын билдиргенин айтты.
Түркия менен Пакистандын ортосундагы соода көлөмүнүн жана туристтердин санынын да көбөйүүсүн каалагандарын баса белгилеген Багжы: «Форумдун негизинде жумуш көлөмүнүн 5 жылдын ичинде 5 миллиард долларды түзөөрүн күтүп жатабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.