Кеме жана яхта сектору Ыраакы Чыгышка эшигин ачты

Экспорттун көлөмү рекорддук деңгээлде өстү.

1255489
Кеме жана яхта сектору Ыраакы Чыгышка эшигин ачты

 

Январь-июль мезгилинде орто эсеп менен 580 миллион долларлык экспортту ишке ашырган кеме жана яхта сектору өндүрүмүн Конконг, Сингапур жана Японияга рекорддук деңгээлде экспорттоду.

Январь-июль мезгилинде өткөн жылы 51 миң долларлык экспорт ишке ашкан Конконгго быйыл тийиштүү мезгилде 68 миң 454 пайыздык өсүү менен 35 миллион 551 долларлык сатуу болду.

Ушундай эле түрдө өткөн жылы январь-июль мезгилинде 92 миң долларлык сатуу болгон Сингапурга быйылкы жылдын 7 айында 32 миң 776 пайыздык өсүү менен 30 миллион 233 миң долларлык экспорт ишке ашты.

Өткөн жылдын 7 айында 234 миң долларлык экспорт жасалган Японияга болсо быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 5 миң 875 пайыздык өсүү менен 13 миллион 996 миң долларлык сатуу болду.

Кеме жана яхта секторунда январь-июль мезгилинде эң көп экспорт кылынган өлкө 146,7 миллион доллар менен Норвегия турат.

 



Тектеш кабарлар