Пакистандагы токой өрттөрү жана көчөт отургузуу

Бул тууралуу Токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо министрлиги маалымат жарыялады.

1244438
Пакистандагы токой өрттөрү жана көчөт отургузуу

 

Пакистандын Хайбер Пахтунхва облусунда акыркы бир жылда чыккан токой өртүнөн  1.2 миллион бак-дарак жок болду.

Токой чарбачылыгы, айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоо министрлигинин билдирүүсүндө  күйүп кеткен 1.2 миллион бак-дарактын көпчүлүгү акыркы 5 жылда “Бир миллиард бак-дарак” долбоорунун негизинде отургузулган дарактар болгон.

Өрт боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында  жаратылыш кырсыгынын 27 миллион Пакистан акчасына (рупи) зыян келтиргени белгилүү болду.

Маалыматта өрттүн өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйгөндүгү баса белгиленип, 2018-2019 – жылдары жалпысынан 139 өрттөн миң 735 гектар токойдун жабыркаганы, бул сандын 2015-2018-жылдарда болсо 400 гектар менен 1400 гектар арасында айырмаланганы белгиленди.

Хайбер Пахтунхва облусунун башкаруу жетекчилиги тарабынан 2014-жылы башталган долбоор 28 бөлүктө 350 миң гектар токойдун калыбына келтирилүүсүнө жана жаңы токойлорду жасоону максат кылган.

Глобалдык ысууга каршы күрөшүү, табиятты коргоо жана экосистеманы жакшыртуу максатында, Пакистандын Адилет Кыймылы (ПАК) тарабынан башталган проект өткөн жылы бүткөрүлгөн. ПАКнын өткөн жылы өлкө ичинде бийликке келиши менен премьер-министр Имран Хан “10 миллиард бак-дарак” жана “Пакистан үчүн дарак тик” аталышындагы долбоорду өлкө деңгээлинде таратуу тууралуу буйрукь чыгарды. Сентябрь айында башталган жана 5 жылга созулуусу пландалган проекттин ачылышында болгону 1.5 миллион бак-дарак тигилди.


Этикеткалар: #Пакистан

Тектеш кабарлар