Кытайлыктар Түркияга Антеп мистеси жана кургатылган мөмө-жемиш үчүн келишти

Көптөгөн өлкөдө табигый азыктарга талап көбөйө баштады.

1243000
Кытайлыктар Түркияга Антеп мистеси жана кургатылган мөмө-жемиш үчүн келишти

 

Кытайдын эң ири компанияларынан «COFCO Sundry» үчүн Газиантепке келген сатып алуучу делегация, кургатылган мөмө-жемиштин экспортчулары менен жолугушуп, өндүрүмдөрүн иликтешти.

Көптөгөн өлкөдө табигый азыктарга талап көбөйө баштады.

Ушул алакакта Түркия негизги өндүрүш борборунун арасында турат.

Түштүк-чыгыш Анадолу аймагы жана өзгөчө Газиантеп дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө азык-түлүк экспорттоодо.

Кургатылган мөмө-жемиш тармагында дүйнөнүн маанилүү өндүрүш борборлорунун арасында турган Түркия рыногунан дагы көп кургатылган мөмө-жемиш жана азыктарды импорттоону пландаган кытайлык делегация Антеп мистеси, фундук, анжирдин кагы, мейиз жана тыттын кагы сыяктуу азыктарды иликтеп жооптуу кызматкерлерден кургатылган мөмө-жемиш өндүрүмү жана сектор туурасында маалымат алышты.

Кытайлык делегацияга Антеп мистеси, өрүк, фундук, анжирдин кагы жана тыттын кагы сыктуу мөмө-жемиштерден жасалган азыктар жөнүндө маалымат берилди.



Тектеш кабарлар