Түрк аба жолдору майрамда 2 миллион жүргүнчү ташыйт

Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы майрамда 14 миң 311 каттамды ишке ашырышарын белгиледи.

1213558
Түрк аба жолдору майрамда 2 миллион жүргүнчү ташыйт

Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы майрамда 14 миң 311 каттамды ишке ашырышарын белгиледи. Айжы түрк аба жолдорунун бул каттамдарда 2 миллионго жакын жүргүнчү ташый тургандыгын айтты.

Илкер Айжы : «2 -  июндан баштап Стамбул аэропортундагы  7 -  жумабызда дагы бир сыймыктанарлык иш аткардык. 501 жолу учуу менен рекордго жетиштик. Кечээ 85 пайыздык катнаш менен каттамдарыбызды аткардык»,- деди. Айжы Боинг 737 – Max моделиндеги учактардагы техникалык маселелер жана флоттогу бул учактарга байланыштуу : «Группабыз август айына чейин учактарды учуруу үчүн колунан келгенди аткарарын айтышууда. Тийиштүү жерлер бекиткенден кийин дүйнөдөгү бардык учактар менен бирдикте биз да учактарыбызды учурабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар