Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортуна бул жайда жаңы 7 каттам кошулат

Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунун (İSG) жарыясына караганда  бул жай мезгилинде дагы 7 каттам багыты желесине кошулат.

1205274
Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортуна бул жайда жаңы 7 каттам кошулат

Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунда (İSG) бул жайда ачыла турган 7 жаңы каттам менен учулган жер саны 128ге жетет.

Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунун (İSG) жарыясына караганда  бул жай мезгилинде дагы 7 каттам багыты желесине кошулат.

Пегасус аба жолдору, 28-майдан тарта Сауд Арабиянын борбор шаары Риядга аптанын ар бир күнүндө эки тараптуу, 29-июндан тарта Нидерландиянын Эйнховен шаарына жумасына 3 жолу, 1-июлдан тарта Англиянын Манчестр шаарына жумасына 5 жолу жана Италиянын Венеция шаарына жумасына 4 жолу, 8-июлдан тарта Марокконун Касабланка шаарына жумасына 4 жолу каттай баштайт.

Бул учурда Омандын алдыңкы аз чыгымдуу аба жолу фирмасы Салам эйр жумасына 2 жолу Оманга, Марокконун Марокко королдук аба жолдору болсо Касабланка шаарына аптанын ар күнү каттай баштайт.

Ушуну менен «Сабиха Гөкчен» аэропортунан жаңы кошулган тышкы каттам жерлери менен жалпы каттаган чет өлкөдөгү шаар саны 128ге жетет.

«Сабиха Гөкчен» аэропортунан учкан чет элдик аба жолу саны 49 болот.

Бир тараптан Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунда 2019-жылдын алгачкы 4 айында тышкы каттамдар жүргүнчүсүндө өсүү көрүндү.

Өткөн жылдын алгачкы төрт айына салыштырганда 20 пайыздык өсүү болсо жалпы жүрүнчү саны 4 миллион 160 миң кишиге жетти.

Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунун алгачкы 4 айында тышкы каттамдарга өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырамлуу учак конуп жана учууларында 24 пайыздык өсүү көрүнүп, 28 миң 989 деп белгиленди.

 



Тектеш кабарлар