Италия: "Түркияда чет элдик инвесторлор үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар"

Италиянын соода палатасы коомунун төрагасы Ливио Манзини,Анадолу агенттигинин Түркия жана Италиянын ортосундагы соода карым-катнаштары тууралуу суроолоруна жооп берди.

1188203
Италия: "Түркияда чет элдик инвесторлор үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар"

Италиянын соода палатасы коомунун төрагасы Ливио Манзини, Түркияда бардык чет элдик инвесторлор үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Манзини, Анадолу агенттигинин Түркия жана Италиянын ортосундагы соода карым-катнаштары тууралуу суроолоруна жооп берди.

Түркиянын өнөр жайлашуу багытында секирик жасаганына токтолгон Манзини, Түрк фирмаларынын Италияга инвестициялары улам көбөйүп уланганын айтты.

Түркияда да бүткүл чет элдик инвесторлор үчүн жакшы мүмкүчүлүктөр бар экенине басым жасаган Манзини: «Түркияда, абдан маанилүү ички базар бар. 80 миллион калкынын саны менен талаптоо жагынан чоң потенциал. Түркия бир топ жагынан белгилүү бир аймактын эң чоң актеру. Ошондуктан бул аймакка экспорт, иш алып баруу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо»,-деди.

Түркиядагы фирмалардын майда жана орто өлчөмдөгү фирмаларга (KOBİ) таянганын белгилеген Манзини, бул болсо биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн сунганына басым жасады.

Манзини, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы Бажы Биримдиги келишимин модернизациялоонун эки тарапка тең пайдалуу болоорун айтты.



Тектеш кабарлар