Орусия менен Түркия биргелешип тик учак жасай алат
Орусиянын тик учактар башкы директору Андрей Богинский, Түркияда өндүрүлгөн тик учак тетиктерин колдонуп Орусиянын тик учактарын жасап чыгара ала тургандарын айтты.
Орусиянын тик учактар башкы директору Андрей Богинский, Түркия менен биргелеше тик учак жасап чыгарууну ыктымалдуулук катары карагандарын билдирди.
Богинский, Түркияда өндүрүлгөн тик учак тетиктерин колдонуп Орусиянын тик учактарын жасап чыгара ала тургандарын айтты.
Түркиянын согуштук тик учак жасап чыгарууда ийгиликтүү тажрыйбаларга ээ болгонун билгендерин айткан Богинский: « буга, жарандык аянтка да жайыла ала турган потенциал катары карайбыз»,-деди.
Богинский: «Түркиянын тетиктери менен жасалган Орусиянын тик учактарын, Түркиянын олуттуу экономикалык жана соода байланыштары болгон чөйрөдөгү өлкөлөрдүн базарларына экспорттой алабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.