Сел каптаган Иранга Түрк Кызылайы жардам берүүдө

Ичинде гуманитардык жардам материалдары орун алган 5 фура, Түркия-Иран чек ара капкасы болгон Агрынын Догубейазыт районундагы Гүрбулак чек ара капкасынан өтүп сел уруп өткөн аймакка бет алды.

1174193
Сел каптаган Иранга Түрк Кызылайы жардам берүүдө

Сел апаатынын себебинен 44 кишиси каза тапкан, 265 киши жаракат алган Иранга Түрк Кызылайы жардам колун узатты.

Ичинде гуманитардык жардам материалдары орун алган 5 фура, Түркия-Иран чек ара капкасы болгон Агрынын Догубейазыт районундагы Гүрбулак чек ара капкасынан өтүп сел уруп өткөн аймакка бет алды.

Түрк Кызылайы жана Иран Кызылайынын биргелешкен уюштуруусу менен жабыр тарткандарга 320 чатыр, 500 төшөк, 100 тазалык материалдары, 1625 одеяло, 360 үй-бүлөлүк ашкана комплекти жана 60 даана меш таркатылат.

Түрк Кызылайынын Иранга жардам тобунун жетекчиси Аныл Кожабал: «Беш фуралык гуманитардык жардам материалдарыбызды буюрса селден жабыр тарткан адамдарга жеткиребиз. Түрк калкы ар дайым карапайым калктын жанында. Ирандагы сел тууралуу баштаган акциябызга атуулдарыбыздын камрымдуулуктарын күтүүдөбүз»,-деди.

Материалдарды сел уруп өткөн жерге жеткире тургандарын эске салган Кожабал: «Бир сапарда 320 үй-бүлөлүк баш калкалоо комплектибизди жабырлануучуларга жеткиребиз. Иран Кызылайы менен бирге бул апааттан зыян тарткан бардык адамдарга кол сунууну каалайбыз. Иран Кызылайы менен координациялуу түрдө бардык жардам иш-аракеттерин биз жасагыбыз келет. Албетте бул жерде Түрк калкына чоң милдет жүктөлүүдө, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз белгилүү. Түрк калкынын да колдоосу жана кайрымдуулуктары менен буюрса дагы көп адамга кол сунабыз»,-деп айтты.

Гуманитардык жардам материалдарын ташыган фуралар жана 6 кишилик Кызылай тобу, Гүрбулак чек ара капкасынан өтүп сел уруп өткөн аймакту көздөй бет алды.



Тектеш кабарлар