Түркиянын өнүгүүсүн токтото турган эч бир жалган күч жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулда тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) 2018-жылдын финансы боюнча жалпы кеңешинде сөз сүйлөдү.

1112184
Түркиянын өнүгүүсүн токтото турган эч бир жалган күч жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын өнүгүүсүн токтото турган эч бир жалган күч жок экенин айтты.

Эрдоган, Стамбулда тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) 2018-жылдын финансы боюнча жалпы кеңешинде сөз сүйлөдү.

2002-жылы бийликке келишкенде Түркиянын экспортунун 36 миллиард доллар болгонун, эми болсо 170 миллиард долларга жеткенин белгилеген Эрдоган: «Күчүнө кирген түзөтүү менен 8582 экспортчубузга жашыл паспорт мүмкүнчүлүгүн алып келип, көп сандаган өлкөгө визасыз саякаттын жолун ачтык»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын дипломатияда гуманитардык жардамдар болгону сыяктуу соода дипломатиясында дагы атагы чыга баштаганын кеп кылды.

2019-жылдын башкача боло турганын белгилеген Президент: «Жаман ойду жана үмүтсүздүктү каалгабызга жолотпой турсак, өлкөбүздүн өнүгүүсүн токтото турган эч бир жалган күч жок»,-деп айтты.

Индонезиядагы цунамиге дагы токтолгон Эрдоган: «Бүтүндөй Индонезия калкына Түркия калкынын атынан көңүл айтканыбызды ушул себеп менен бул жерден билдирген боломун»,-деди.



Тектеш кабарлар