Дүйнөдөгү эң чоң жана ылдам жүрүүчү алюминий яхта Мармаристе

80 миллион евролук яхтанын узундугу 77 метр

833509
Дүйнөдөгү эң чоң жана ылдам жүрүүчү алюминий яхта Мармаристе

Дүйнөдөгү эң чоң жана ылдам жүрүүчү алюминий яхта «Silver Fast» Мугланын Мармарис районуна келди.

Кайман аралдарынын желеги илинген 80 миллион евролук 77 метр узундугундагы яхта, алыстан караганда боз өңү менен аскердик кеме сыяктуу көрүнөт.

Яхтанын 10 күн портто кала турганы билдирилди. Яхтага күйүүчү май эртең куюлат. Бул люкс яхтаны бир жумага ижарага алуунун акысы 2 миллион 400 миң түрк лирасы.



Тектеш кабарлар