Түркиянын коргоо өнөр жайы Украинада кызыгуу жаратты

Жаңы технологиялар Украинада таанылууда

824223
Түркиянын коргоо өнөр жайы Украинада кызыгуу жаратты

Түркиянын коргоо өнөр жайына таандык эң жаңы технологиялар Украинада таанылууда.

Украинанын борбор шаары Киевде 14-Эл аралык курал-жарак жана коопсуздук жарманкеси башталды.

15 өлкөдөн орто эсеп менен 400 компания орун алган жарманке-көргөзмөгө Түркиядан катышкан ASELSAN, ROKETSAN, REPKON, AREST, CTECH жана BMC ишканалары да бул жерде көптөгөн жаңы технолгияларын таанытышууда.

Жарманкенин ачылышына Украинанын коопсуздук жана коргоо кеңешинин баш катчысы Александр Турчинов, ички иштер министри Арсен Аваков менен коргоо өнөр жайы кеңешчиси Исмаил Демир катышышты.

Турчинов менен Аваков ачылыштан кийин АСЕЛСАНдын стенддин кыдырышты.

Анда АСЕЛСАН менен Украинанын Эверест компаниясынын ортосунда кесиптик байланыш технологияларына карай алкактык макулдашуу келишимине кол коюлду.

Түрк долбоорлоолору катышуучулардын кызыгуусун тарткан жарманке 13-октябрда аяктайт.



Тектеш кабарлар