Түрк аба жолдорунда бүгүнкү күндөн тарта Пхукетке түз каттам ачылды

Түрк аба жолдорунун (THY) 300чү багыты Таиланддын дүйнөгө белгилүү эс алуу аймагы болгон Пхукет болду.

773138
Түрк аба жолдорунда бүгүнкү күндөн тарта Пхукетке түз каттам ачылды

Түрк аба жолдорунда бүгүнкү күндөн тарта Пхукетке түз каттам ачылды.

Түрк аба жолдорунун Пхукет сапарлары жумасына 4 жолу эки тарапка каттайт.

Түрк аба жолдорунун башкы мүдүрү, башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин төрага орун басары Билал Экши, Пхукет аба каттамынын ачылышы менен Пхукет эл аралык аба майданындагы салтанатта Түрк аба жолдорунун  масштабы чоң аймакты ээлеши менен аба каттамында жүргүнчүлөргө эң мыкты кызмат көрсөтүүсүн дагы да улантаарын белгиледи.

Экши «Дүйнөдөгү сыйлуу деп саналган туризм аймактарынын бири болгон Пхукетти да комплекстүү тармагыбызга кошуп, жүргүнчүлөрүбүзгө дүйнөнү ачууга багытталган чакырыгыбызды кайталоодобуз»- деди.

Түрк аба жолдорунун жаңы багыты Пхукет, дүйнөнүн 120 өлкөсүнө кызмат көрсөткөн сервиси Түркиш Каргонун жаңы багыттагы тейлөө кызматы катары иштей баштайт. Бүгүн башталган бул каттам Түрк аба жолдорунун жүргүнчүлөрү менен бирге Пхукетке да аба жүк кызматын көрсөтө баштайт.

Түрк аба жолдорунун  жүргүнчүлөрүнө Стамбулдан Пхукетке чейинки барыш-келиш каттамынын баасы 560 доллардан башталат.

Miles&Smiles мүчөлөрүнө  Пхукет учуу каттамында 2017-жылдын 31- декабрына чейин эконом класстагы бир багыттын билеттеринин баасы 40 миңдин ордуна 22500 миңге жаңыланат.

Таиланддын борбору Бангкокко жумасына 14 каттам белгиленип, Түрк аба жолдорунун  Пхукет менен бирге жалпысынан өлкөгө 18 каттам белгилейт.

Таиланддын теңдеши жок кооздуктарга ээ аралы Пхукет жылына 5 миллион турист кабыл алат. Өзгөчө Европа жана Түндүк Америкадан эс алуу максатында Пхукетке келүүнү каалагандарга азыртадан Түрк аба жолдорунун  каттамдары өзгөчө көңүл буруп жатканы менен белгилүү.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Таиландга келген Түрк туристтеринин саны 75 миңге жеткен.



Тектеш кабарлар