"Түрк агымы" газ куурун кура турган кеме Стамбулдан өттү

Кеменин Орусиянын Анапа портуна 2-июнда жетиши күтүлүүдө.

743049
"Түрк агымы" газ куурун кура турган кеме Стамбулдан өттү

Орусиянын жаратылыш газын Түркияга ташый турган «Түрк агымы» газ куурунун терең суулардагы курулушун аткара турган «Pioneering Spirit» аттуу түтүк төшөөчү кеме Стамбулдун Босфор кысыгынан өттү.

Стамбулдун Босфор кысыгына эртең менен кирген узундугу 382 метр жана кеңдиги 124 метрдик Мальта желеги илинген кеме өткөндүгү үчүн Босфордо эл аралык кеме транспорту кош тараптуу токтотулду.

Кеменин Орусиянын Анапа портуна 2-июнда жетиши күтүлүүдө.

Кеме кечээ да Чанаккале кысыгынан өткөн. Кеме төшөй турган газ куурлары Кара деңиздин астынан 900 км бою илгерилеп Фракия жээгинде Түркияга жетет.

Өкмөттөр аралык келишимдин октябрь айында Стамбулда кол коюлган «Түрк агымы» долбоорунун алкагында, ар бири жылыга 15,75 миллиард метр кубдук көлөмгө ээ болгон газ куурунун курулушу пландалып жатат.

Алгачкы багыттын Түркияга, экинчи багыттын болсо керектүү гарантиялар алынган учурунда Европага жаратылыш газ ташуусу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар