Түрк аскердик электрондук өнөр жайы жаңы технология өнүктүрдү

ASELSANдын жаңы технологиясына Пакистандан 25 миллион доллардык буюртма келди.

742264
Түрк аскердик электрондук өнөр жайы жаңы технология өнүктүрдү

Аскердик электрондук өнөр жай (ASELSAN) тарабынан өнүктүрүлгөн жана согуштук учактарга таамай атуу жөндөмдүүлүгүн кошкон ASELPOD мээлөө системалары үчүн экинчи экспорт буюртмасы Пакистандан келди.

Түрк аба күчтөрү үчүн өнүктүрүлгөн ASELPOD мээлөө системасы, күн, түн дебестен ар түрдүү аба шарттарында таамай чабуул мүмкүнчүлүгү жана жөндөмдүүлүгүн арттырууда.

Пакистандан келген буюртма орто эсеп менен 25 миллион доллар.

Бул система тарткан видеолорун учкучтун алдындагы экранга өткөрүп турат. Бута камера менен байкалып лазер менен белги коюлат. Жогорку тактыктагы куралдар менен чекитти ата алат.



Тектеш кабарлар