Түрк банктарынын активинин көлөмү көп сандаган өлкөнү артка калтырды
Эл аралык Валюта Фондунун 2016-жылдын акырындагы көрсөткүчтөрүнө караганда, 174 өлкө Түркиядан дагы төмөн экономикалык көлөмгө ээ.
Түркиянын банкчылык тармагынын быйыл март айынын акырынан тарта жетишкен жалпы активинин көлөмү 174 өлкөнүн экономикалык көлөмүн артка калтырды.
Түрк банктарынын активинин көлөмү март айынын акырынан тарта 2016-жылдын акырына салыштырмалуу 135 миллиард лирага өсүп 2 триллион 866 миллиард лирага жетти.
Эл аралык Валюта Фондунун 2016-жылдын акырындагы көрсөткүчтөрүнө караганда, 174 өлкө Түркиядан дагы төмөн экономикалык көлөмгө ээ.
Ошол эле убакта Түрк банкчылык тармагынын актив көлөмүнөн артта калган аты аталган өлкөлөрдүн арасында; Нидерландия (771.2 миллиард доллар), Швейцария (659.9 миллиард доллар), Швеция (511.4 миллиард доллар), Бельгия (467 миллиард доллар) жана Австрия (386.8 миллиард доллар) сыяктуу Европа өлкөлөрү орун алган.
Түрк банкчылык тармагынын актив көлөмү Грециянын жалпы актив көлөмүнөн толук 4 эсе көп.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.