Түрк экономикасынын маанилүү көрсөткүчтөрү
Вице-премьер Нуреттин Жаникли, Англиянын борбор шаары Лондондо жолугушууларды өткөрдү.
Вице-премьер Нуреттин Жаникли, 16-апрелдеги конституциялык өзгөртүү боюнча элдик добуш берүүдөн кийин Түркиянын жолунун ачылганын айтты.
Жаникли Англиянын борбор шаары Лондондо жолугушууларды өткөрдү.
Журналисттердин суроолоруна жооп берген Жаникли, түрк экономикасы тууралуу маанилүү көрсөткүчтөрдү бөлүштү.
Жаникли, Түркияда 16-апрелде болгон президенттик өкмөт системасын да камтыган конституциялык өзгөртүүнүн элдин колдоосун алгандан кийин экономиканын да, Түркиянын да жолунун ачылганын, оң атмосферанын бардык тармактарга чагылышканын айтты.
Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекемелердин баа берүүлөрүнүн рационалдуу болбогонуна көңүл бурган Жаникли: «Эгерде рационалдуу түрдө чечим чгарышкан болушса 2016-жылдагы өсүү ийгилиги көрүнгөндөн кийин баа төмөндөтүү боюнча чечимдерин кайра карап чыгуулары керек эле. Бирок муну кылышкан жок»,-деди.
Министр Жаникли, акыркы инфляция көрсөткүчтөрүнүн күтүүлөргө шайкеш болгонун белгилеп, пайыздардын төмөндөтүлүшү керектигин баса белгиледи.
Өзгөчө пайыздардын инфляциянын үстүндөгү таасиринин ар дайым белгилүү болгонун баса белгилеген Жаникли, жаңы мезгилде пайыздардын төмөндөтүлүшү темасы алдыңкы пландардан бири боло турганын айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.