Түркия  -  Орусия карым – катнаштары жумшоо процессинде

Экономика министри Нихат Зейбекчи Түркия  -  Орусия карым – катнаштарынын жумшоо процессинде экендигин айтты

705314
Түркия  -  Орусия карым – катнаштары жумшоо процессинде

Экономика министри Нихат Зейбекчи Түркия  -  Орусия карым – катнаштарынын жумшоо процессинде экендигин айтты.

Нихат Зейбекчи эки өлкөнүн карым – катнаштарына байланыштуу берилген суроолорго жооп берип жатып, жумшоо процессинде Түркияга тур сатуу жана чартердик каттамдардын кайрадан башталышы сыяктуу оң абалдардын болгондугун белгиледи.

Орус кесиптештери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөгү абдан маанилүү темалардын бирөөсүнүн Орусиянын Түркияга жасаган санкциялардын жоюулушу темалары экендигин айткан Зейбекчи бул тармакта ташталган кээ бир кадамдардын жетерсиз экендигин белгиледи. Санкциялардын толугу менен жоюлушу керектигин сүйлөшүүлөрдө билдиргендигин белгилеген Зейбекчи : «Болуп жаткан маселелердин чечилишин жана транспорт тармагындагы эки тааптуу жана чексиз транзит өткөөл квоталардын кайрадан жогорулатылышын каалаган эки өлкөнүн ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр улантылууда. Бир тараптан визалардын эки жакта тең жоюлушуна карата тышкы иштер министрликтерибиз тарабынан да иштер улантылууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар