АКШда дүйнөлүк эң ири энергетикалык жыйналыш өтөт
IHS CERAWeek 2017 АКШнын Техас штатынын Хьюстон шаарында бүгүн башталат.
Дүйнөнүн эң ири энергетикалык конференцияларынан бири IHS CERAWeek 2017, АКШнын Техас штатынын Хьюстон шаарында бүгүн башталат.
Конференцияда Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Албайрактын да сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.
Эл аралык энергетика агенттигинин (IEA) аткаруу директору Фатих Бирол, Мунай зат экспорттогон өлкөлөр уюмунун (OPEC) баш катчысы Мухаммед Баркиндо жана Сауд Арабиянын энергетика министри Кхалид аль-Фалих, Бириккен Араб Эмирликтеринин энергетика министри Сухаил Мохамед Аль Мазрои жана Орусиянын энергетика министри Александр Новак менен АКШнын ири энергетика компанияларынан ExxonMobil, Chevron жана ConocoPhillips топ-менеджерлери катышуучулардын арасында орун алат.
Конференцияда айрыкча ОРЕСке мүчө өлкөлөрдүн министрлери да орун алышат.
10-мартка чейин улана турган конфкеренфияда ОРЕС жана Орусиянын мунай зат өндүрүүлөрүн чектөө токтомунун дүйнөлүк мунай зат базарына жана чийки мунай зат бааларына таасири каралат. АЙрыкча АКШ өкмөтүнүн энергетика саясаттарынын базар жана фирмаларга таасири талкууга салынышы күтүлүүдө.
АКШнын президенти Дональд Трамптын «энергетика төңкөрүшүн» баштатыш үчүн сектордогу регуляциаларды азайтуу убадасына шилтеме кылган адистер, америкалык энергетика фирмаларынын конференцияда дагы оң көз карашта боло тургандарын айтышууда.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.