Standard & Poor's Түркиянын насыя рейтингинин көрүнүшүн жогорулатты

Айрыкча Standard & Poor's, Түркиянын быйыл жана 2017-жылы 3,2 пайыз өсүүсүн күтүүдө.

604302
Standard & Poor's Түркиянын насыя рейтингинин көрүнүшүн жогорулатты

Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Standard & Poor's Түркиянын насыя рейтингинин көрүнүшүн «негативден» «стабилдүүлүккө» жогорулатып, «ВВ» деңгээлиндеги насыя рейтинг баасын тастыктады.

Standard & Poor'sтун жарыясына караганда Түркиянын чет элдик валютага карата баасынын «ВВ» жана жергиликтүү валютага карата  баасынын «ВВ+» деңгээлинде туруктуу кармалганын билдирди.

Анда, «Учурубузда жасалган жаңылоо, саясатчылардын маанилүү реформаларды ишке ашырууга карай кадамдарын уланта турганына карай көз карашыбызды чагылдырууда» деген сөздөргө орун берилди.

Баа берүү мекемеси стабилдүү көрүнүштүн Түркиянын экономикасынын көптөн бери уланган аймактык жана ички булактардан келип чыккан коркунучтарга каршы туруштугун чагылдырганын баса белгиледи.

Айрыкча Standard & Poor's, Түркиянын быйыл жана 2017-жылы 3,2 пайыз өсүүсүн күтүүдө.



Тектеш кабарлар