Түркиянын улуттук ракетасы-СОМ...

СОМ-Түркия жасап чыгарган эң стратегиялуу куралдардан бири.

566440
Түркиянын улуттук ракетасы-СОМ...

Жүз пайыз жергиликтүү чыгарылыш болгон сенсор менен коштолгон ракета СОМ, террор менен күрөшүү үчүн колдонууга даяр.

СОМ-Түркия жасап чыгарган эң стратегиялуу куралдардан бири.

500 км аралыкка атуучу СОМ ракеталары тыгыз корголгон кургактык жана деңиз буталарын дээрлик таамай атат.

Татаал чөйрө шарттарына чыдамдуу, натыйжалуу жогорку жарылуучу бөлүкчөлөрү болгон, эң маанилүү жагы жүз пайыз жергиликтүү чыгарылыш.

СОМ ракетасынын навигация системасы, глобалдык жайгашуу системасы жана видеого тартуучу ультра кызгылт издөөчү учу бар.

Учактан чыккандан кийин канаттарын ачып учуусун уланткан улуттук канаттуу ракета СОМ, моторун андан кийин иштетет.

Учуу мүмкүнчүлүктөрү менен бутасын көздөй илгерилейт.

 GPS сигнал системасы үзүлгөн же чаташтырылган учурунда да мурдатан жүктөлгөн маалыматтар боюнча багытын түздөй алат жана бутасына жетет.

Ушундай алыс аралыктагы буталарды бардык аба шарттарына карабастан таамай ата алат.

Натыйжалуу жогорку жарылуучу бөлүкчөлөрү болгон СОМ ракетасы үчүн согуштук учактарынын бута мээлешинин да кереги жок.

Белгиленген бутаны оңой жана таамай ата алат. Аз көрүнүүсү менен душмандын аба радарларынан жашырына алат.

Улуттук канатту ракета СОМду өнүктүрүү жана дагы алыс аралыкка учуруу иш-аракеттери уланууда.

Анын максаты атуу аралыгын 500 километрден 2500 километрге жеткирүү болуп саналат.



Тектеш кабарлар