Түркия 20 миң чет элдик студентти күтүүдө
2016-жылы чет элдик студенттердин саны 100 миңге жетет.
334114
Билим берүү экономикасы иш кеңешинин төргасы Мустафа Айдын келээрки жылы Түркияга 20 миң жаңы чет элдик студенттин келиши күтүлгөнүн айтты.
Айдын 2014-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда Түркияда жогорку окуу жайдагы студенттердин саны 5,5 миллионго жакындаганын белгиледи.
Түркияда алыстан билим берүү тармактары менен бирге орто эсеп менен 80 миң чет элдик студенттин бар экенин айткан Айдын 2016-жылы бул санды 100 миңге жеткирүүнү максаттагандарын баяндады.
Айдын Түркияга эң көп студент жиберген 3 өлкөнүн болсо Түркмөнстан, Азербайжан жана Иран экенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.