Греция эми кредиторлордун талаптарына баш ийбейт

Грециянын каржы министри кредиторлорго каршылык көрсөттү.

320691
Греция эми кредиторлордун талаптарына баш ийбейт


Каржы министри Янис Варуфакис Ирландиянын улуттук радиосуна берген маегинде грек калкынын эми кредиторлордун кызыктай талаптарына баш ийбей турганын айтты.
Грецияга жашоо мүмкүнчүлүгүн тааныбаган кандайдыр бир карыз чечимин кабыл албай тургандарын белгилеген Варуфакис, өлкөсүнүн евро аймагында калууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Евро аймагынын каржы министрлеринин Грециядагы экономикалык маселеге чечүүчү жол табуу максатында сунушташкан пландар талкууланган кечээки жыйындан натыйжа чыккан жок.
Греция, кредиторлор куткаруу долбоорундагы 7,2 миллиард еврону бербеген учурда ушул айдын аягына чейин Эл аралык валюта фондуна төлөшү керек болгон 1,6 миллиард евролук карызын төлөй албайт.
Алуучулар Грецияда керектүү реформалардын жүргүзүлүшүн талап кылышса, Афина бул пландан алыс турууга аркет кылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар