ЕБнин экономика жана каржы министрлери чогулушту

Жыйында басымдуу түрдө Грециянын экономикасы каралды.

199880
ЕБнин экономика жана каржы министрлери чогулушту

Европа Биримдигинин экономика жана каржы министрлери кечээ Брюсселде чогулушту.
EKOFİN деп да аталган Европа Биримдигинин экономика кеңешинин расмий күн тартиби инвестиция жана жумуш менен камсыздоону арттыруу эле бирок басымдуу түрдө Грециянын экономикасы каралды.
Грецияга карыздарынын кайрадан төлөнүшүнө карата жеңилдик түзүү талабына Брюсселде жылуу карашкан жок.
Евро аймагынын каржы министрлерине башчылык кылган Нидерландиянын каржы министри Йерун Дейсселблум жума күнү Афинага барат.
Афинадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптардын карыздардын кантип төлөнө турганы темасында жол картасы боюнча макулдашышы күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар