Түркияга 5 миллион турист келди

61702
Түркияга 5 миллион турист келди

Түркияга 5 миллион турист келди.
Туризм кирешеси жылдын алгачкы чейрегинде 3,4 пайыз өстү.
Түркиянын статистика мекемеси жылдын алгачкы чейрегине байланыштуу туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Буга караганда туризм кирешеси жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 3,4 пайыз өсүп 4 миллиард 807 миллион 836 миң доллар болду.
Келген туристтердин саны 6,1 пайыз өсүп 5 миллион 65 миң 759 кишиге жетти.
Туристтердин 81,7 пайызын чет өлкөлүктөр ал эми калганын чет өлкөдө жашаган түрктөр түзүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар