Реиси: «Ирандын чабуулу өзүн-өзү коргоо»

Ирандын президенти Ибрахим Реиси өлкөсүнүн Израилге чабуулуна байланыштуу билдирүүсү Ирандын расмий агенттиги ИРНАда жарыяланды.

2127493
Реиси: «Ирандын чабуулу өзүн-өзү коргоо»

Ирандын президенти Ибрахим Реиси Израилдин Сириядагы Ирандын консулдугуна кол салуусу үчүн Төңкөрүш сакчылары армиясынын чабуулу менен аларды жазаланганын айтты.

Реисинин өлкөсүнүн Израилге чабуулуна байланыштуу билдирүүсү Ирандын расмий агенттиги ИРНАда жарыяланды.

Рейси Израилге каршы операциянын Сириядагы Ирандын консулдугуна кол салууга каршы «мыйзамдуу коргонуунун» алкагында жүргүзүлгөнүн жактады.

Ирандын президенти өз өлкөсүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерге дагы катуу жооп кайтарарын билдирди.

Төңкөрүш сакчылары армиясынын командири Хусейн Салами да: «Израил Ирандын кызыкчылыктарын жана элементтерин бутага алса, биз да Израилди бутага алабыз»,-деди.

Бир тараптан Франция, Англия жана Германиянын борбор калаа Тегерандагы элчилери «Израилдин Иранга каршы демилгелерине карата мамилесине жооп катары» Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө элчилерге Израилдин Иранга каршы аракеттери жана Ирандын Сириядагы консулдугуна кол салуулары эске салынып, алардын өлкөсүнүн Израилдин бул демилгелерине жоопкерчиликсиз мамиле кылганы эскертилди.

Ирандын кечээги Израилге кол салуусунун Бириккен Улуттар Уюмунун эрежелеринин алкагында өзүн коргоо максатында жасалганы белгиленди.

Израиль 1-апрелде Дамасктагы Иран консулдугунун имаратына абадан чабуул жасаган. Кол салууда Ирандын Төңкөрүш сакчылары армиясынан 2 генерал болгон жалпы 7 киши каза болгон.

Иран Израилдин консулдугуна кол салуу анын өлкө аймагына кол салуу экенин жана алар жооп кайтара турганын жарыялаган.

Израиль дагы Ирандын чабуулдарына жооп берерин билдирди.

Кечээ Иран жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге чабуул коюп, кээ бир аскердик буталарга сокку урулганын жарыялады.

Израиль чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирди.



Тектеш кабарлар