Сьерра-Леонеде "улуттук өзгөчө абал" жарыяланды

Президент Био элге кайрылуусунда баңгизатка каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн пландарын билдирди.

2125403
Сьерра-Леонеде "улуттук өзгөчө абал" жарыяланды

Сьерра-Леоненин президенти Жулиус Маада Био, жаштар арасында баңгизат колдонуунун кеңири жайылышына байланыштуу "улуттук өзгөчө абал" жарыялады.

Био элге кайрылуусунда өкмөттүн баңгизатка каршы күрөшүү боюнча пландарын билдирди.

Өлкөнүн учурда баңгизат жана баңгичиликтин кыйратуучу кесепеттеринен улам экзистенциалдык коркунучка туш болгонун белгилеген Био, жаштар арасында «kush» аттуу баңги затынын кеңири колдонулушуна байланыштуу «улуттук өзгөчө абал» жарыялашкандарын кабарлады.

Өкмөттүн баңгизат сатуу тармактарын кыйратууга аракет кылып жатканын маалымдаган Био: «Мамлекеттик органдарды жана бейөкмөт уюмдарды камтыган атайын топ алдын алуу, дарылоо, социалдык тейлөөнү колдоо, укук коргоо органдары жана коомчулуктун катышуусунан жооптуу болот»,- деди.

Марихуанага окшош таасири бар химиялык заттардын аралашмасы «kush», Сьерра-Леоне жана Либерия сыяктуу Батыш Африка өлкөлөрүндө бир нече жылдан бери кеңири колдонулуп келет.  

Либерияда да жаштар арасында "kush" кеңири таралгандыктан январда "улуттук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө абал" жарыяланган.



Тектеш кабарлар