Грузияда парламент имаратын курчоого алган демонстранттарды таркатуу аракети...

Тбилисидеги Шота Руставели көчөсүнө түн ичинде чогулган демонстранттар бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын парламент депутаттарынын чыгып кетишине жол бербөө үчүн имараттын кире бериштерин тосууга аракет кылышты.

2134109
Грузияда парламент имаратын курчоого алган демонстранттарды таркатуу аракети...

Грузиянын борбору Тбилисиде өкмөт парламентке сунуштаган «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар уланууда.

Тбилисидеги Шота Руставели көчөсүнө түн ичинде чогулган демонстранттар бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын парламент депутаттарынын чыгып кетишине жол бербөө үчүн имараттын кире бериштерин тосууга аракет кылышты.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга имараттын кире бериш эшиктеринен алыс кетүүнү эскертти.

Демонстранттар тарабаганда полициянын атайын күчтөрү калемпир газы жана басымдуу суу менен кийлигишти.

Полиция менен демонстранттардын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп жатты.

Коопсуздук күчтөрү парламент имаратына барчу бардык жолдорду жаап салышты.

Уланып жаткан демонстрацияда айрым адамдар кармалды.

Бир тараптан Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Тбилисидеги окуяларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө коопсуздук күчтөрүн жана өкмөттү демонстранттарга ченемсиз күч колдонуу менен айыптады.

Парламенттик көпчүлүктүн лидери Мамука Мдинарадзе бир ай мурун жасаган билдирүүсүндө Грузияда иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарды каржылоонун 90 пайыздан ашыгы ачык-айкын эмес деп ырастаган.

Мдинарадзе өз өлкөсүндөгү эл аралык каржы уюмдары тарабынан Грузиядагы бейөкмөт уюмдар жана медиа сыяктуу мекемелерге берилген каржылоо тууралуу ачык маалымат алуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбоорун кайра сунуштоо чечимине келгендерин билдирген.



Тектеш кабарлар