Сергей Шойгу француз кесиптеши Себастьян Лекорнуну Украина тууралуу эскертти

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Шойгунун Франциянын "туруктуу талабы" боюнча Лекорну менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди.

2124616
Сергей Шойгу француз кесиптеши Себастьян Лекорнуну Украина тууралуу эскертти

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу француз кесиптеши Себастьян Лекорнуга Украинага аскер жибере турган болушса мунун Франция үчүн кыйынчылык жаратарын эскертти. 

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Шойгунун Франциянын "туруктуу талабы" боюнча Лекорну менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди. 

Лекорнунун борбор шаар Москвадагы "Коркус Сити Холл" концерттик залына жасалган террордук кол салуу тууралуу көңүл айткандыгы белгиленген билдирүүдө : "Лекорну ошол эле учурда жоопкерчиликти ДЕАШка оодарып, Украина жана батыштык өлкөлөрдүн террордук кол салууга  тиешеси жок экенине ишендирүүгө аракет кылды",- деп айтылды. 

Орус министр Шойгунун террордук кол салуу тууралуу териштирүүнүн акырына чыгарын жана жооптуулардын жазаландырыларын баса белгилегендиги билдирилген маалыматта террордук кол салууну уюштурууда Украинанын изи тууралуу маалыматтардын бар экени белгиленди.

Билдирүүдө Шойгунун француз кесиптеши Лекорнуга : "Киев режими батыштык  кураторлордун уруксатысыз эч нерсе кылбайт. Мунун артында француз чалгыны жок деп үмүттөнөбүз",-  дегени белгиленди.  

Сүйлөшүүдө  Украина маселеси да талкууланган билдирүүдө : «Елисей сарайынын Украинага француз аскердик  күчтөрүн жиберүү жөнүндөгү билдирүүлөрүнө байланыштуу Сергей Шойгу, эгер булар иш жүзүндө ишке ашырылса Франциянын өзүнө кыйынчылык жаратарын айтты",- деп айтылды. 

Франциянын коргоо министрлигинен сүйлөшүү тууралуу  берилген  билдирүүдө Лекорнунун орус кесиптешине концерттик залдагы террордук кол салуу тууралуу Франциянын колунда  бул кол салуу менен Украинанын ортосунда байланыш түзө турган маалыматтын жок экендигин айтып Россиядан бул кырдаалды пайдаланууну токтотууну сурангандыгы билдирилген. 

22 - мартта Москвадагы концерттик залга жаслаган террордук кол салууда  143 киши каза болгон. 

 

 



Тектеш кабарлар