Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду

Түштүк Кореянын башкы штабынан берилген маалыматта Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат  06:53тө Япон деңизи багытына баллистикалык ракета аткандыгы белгиленди.

2123416
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду

Түштүк Кореянын башкы штабынан берилген маалыматта Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат  06:53тө Япон деңизи багытына баллистикалык ракета аткандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө орто аралыкка учуучу ракетанын Япон деңизине түшкөндүгү маалымдалды.

Япониянын Коргоо министрлиги да Түндүк Корея тарабынан учурулган ракетанын 100 километр бийиктикке жетиши мүмкүн экенин жана абада максималдуу 650 километр аралыкты басып өткөнүн жана Япониянын улуттук өзгөчө зонасынын сыртына түшкөнүн жарыялады.

Ракета түшкөн аймакта багыт алган деңиз жана аба элементтерине эч кандай зыян келтирилбегени билдирилди.

Япониянын премьер - министри Кишида Фумио катуу каршылык көрсөткөн ракета сыноосунун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузганын айтты. Кишида : "Бул  өлкөбүздүн коопсуздугун гана эмес аймактын жана эл аралык коомчулукту да кызыктырган маселе жана кабыл алынгыс",- деди.  

Япон премьер  - министри Түндүк Кореянын ракеталарына каршы элдин коопсуздугун түзүү максатында өлкөсүнүн АКШ жана Түштүк Корея менен кызматташуусун уланта тургандыгын баса белгиледи. 

АКШ Индо -  Тынч океан командирлиги (INDOPACOM) болсо жарыялаган билдирүүдө  Түндүк Кореяны "мыйзамсыз жана туруктуулукту бузуучу аракеттерден алыс болууга" чакырды. 

 

 



Тектеш кабарлар