Талибан: «АКШ Ооганстандын аба мейкиндигин бузуп жатат»

Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид, АКШнын учкучсуз учуучу аппараттары менен Ооганстандын аба мейкиндигин бир нече жолу бузганын жана буга реакция кылганын белгилеп, АКШдан бул маселеге олуттуу мамиле кылуусун суранды.

2122598
Талибан: «АКШ Ооганстандын аба мейкиндигин бузуп жатат»

Талибан башкаруучулугу АКШ Ооганстандын аба мейкиндигинде учкучсуз учуучу аппараттарды учуруу менен өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын белгиледи.

Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид, АКШнын учкучсуз учуучу аппараттары менен Ооганстандын аба мейкиндигин бир нече жолу бузганын жана буга реакция кылганын белгилеп, АКШдан бул маселеге олуттуу мамиле кылуусун суранды.

Мужахид: «Ооганстанга жакын жайгашкан кээ бир өлкөлөрдүн аба мейкиндигин пайдаланып келген бул учактар ​​(учкучсуз учуучу аппараттар) шексиз АКШга таандык. Бул маселеде ар бир адам өз жоопкерчилигин сезип, мыйзам бузууну токтотуусу керек»,-деди.

Атын атабастан «жакын өлкөлөргө» чакырык салган Мужахид аба мейкиндигин АКШнын колдонуусуна ачпоону суранды.

Мындан бир нече күн мурда Ооганстандын түштүктөгү Кандагар жана Нимруз провинцияларында учкучсуз учуучу аппараттар учуп жүргөнү ооган басма сөзүндө жарыяланган.

Талибандын  өкүлдөрүнүн айтымында, Ооганстандын көптөгөн аймактарында учкучсуз учуучу аппараттар көптөн бери учуп жүрөт.



Тектеш кабарлар