Кызыл деңизде бир кемеге сокку урулду

Англиянын кемечилик уюмунан (UKMTO) берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Йемендин Кызыл деңиздеги Муха шаарынан 23 деңиз милдей батышта бир кемеге ракета тийгени белгиленди.

2119374
Кызыл деңизде бир кемеге сокку урулду

Англия Кызыл деңизде бир кемеге сокку уралганын жарыялады.

Англиянын кемечилик уюмунан (UKMTO) берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Йемендин Кызыл деңиздеги Муха шаарынан 23 деңиз милдей батышта бир кемеге ракета тийгени белгиленди.

Кемедеги өрттүн топтор тарабынан өчүрүлгөнү, кеме менен экипаждын аман-эсен экени белгиленди.

Билдирүүдө кеменин кийинки портту көздөй сүзүп баратканы билдирилип, Кызыл деңиздеги кемелерге этияттык менен өтүүсү эскертилди.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан кеменин желеги тууралуу маалымат берилген жок.

Йеменде Иран тарабынан колдоого алынган хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына жооп иретинде 2023-жылдын 31-октябрынан бери Йемендин жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар соода кемелерин басып алууда жана айрым кемелерге учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен кол салууда.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимине келди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) 2023-жылдын 18-декабрында глобалдык деңиздеги соода коопсуздугу коркунучта болгондугуна байланыштуу бир топ өлкөнүн катышуусу менен Хусит күчтөрүнө каршы «Бакыттын сакчысы» аттуу көп улуттуу «деңиз жумушчу тобу» түзүлгөнүн жарыялаган.

АКШ менен Улуу Британиянын Йемендеги хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарга жасаган чабуулунан кийин хуситтер АКШ менен Улуу Британиянын бардык кемелерин бутага ала турганын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар