Сербиянын президенти Александр Вучич : "Кол салуунун болорун АКШ менен Британия билген"

Вучич жергиликтүү телекөрсөтүү программасында Москвадагы концерттик залда жарандарды бутага алган террордук салууга баа берди

2119169
Сербиянын президенти Александр Вучич : "Кол салуунун болорун АКШ менен Британия билген"

Сербиянын президенти Александр Вучич АКШ менен Британиянын Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон куралдуу кол салуу тууралуу алдын ала билгенин айтты.

Вучич жергиликтүү телекөрсөтүү программасында Москвадагы концерттик залда жарандарды бутага алган террордук салууга баа берди.

Вучич Россиянын президенти Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтып : "Бул биз көп жолу айткан нерсе, бирок аны уккусу келгендер аз, ага ишенгиси келгендер аз, фактыларды карап көрүүнү ойлогондор аз; 7 - мартта АКШнын (Москва) элчилиги  жарандарын соода борборлоруна барбоого чакырып, Британия жана башкаралары да жарандарын эскертишти. Тактап айтканда бул алардын атайын кызматтарынын айрым сүйлөшүүлөрдү  тыңшагандыгы, маалымат алгандыгы жана мунун болорун билишкен деген мааниге келет",- деди. 

Вучич Москвадагы окуянын эсептөөгө болбой тургандай жыйынтыктарынын болушу мүмкүн экендигин айтып Сербия Улуттук Коопсуздук Кеңешин бүгүн чогулууга чакырды. 

 



Тектеш кабарлар