Немистердин айтымында Израилдин кол салуулары адилетсиз
Германияда элдин көпчүлүгү Израилдин Газадагы кол салууларынын адилетсиз экендигин айтууда.
2119258
Германияда элдин көпчүлүгү Израилдин Газадагы кол салууларынын адилетсиз экендигин айтууда.
Германиянын коомдук телеканалы ZDFнын «Политбарометр» изилдөөсүнө катышкандардын 69 пайызы Израилдин Газага кол салууларынын адилетсиз экендигин билдиришти. Кол салууларды негиздүү деп тапкандардын саны 18 пайызды түзсө, катышуучулардын 13 пайызы "билбейм" деп жооп беришкен.
Сурамжылоого катышкандардын 87 пайызы Батыш өлкөлөрүнүн Газа тилкесиндеги калкты азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Израилге көбүрөөк кысым көрсөтүлүшүн, 7 пайызы эч кандай кысым көрсөтүлбөшүн каалашкан.