Россияда болгон шайлоонун жыйынтыктары

Россиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын башчысы Элла Памфилова президенттик шайлоодо Владимир Путин шайлоочулардын 87,28 пайызынын добушун алып, утуп чыкканын жарыялады.

2118481
Россияда болгон шайлоонун жыйынтыктары

Россиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын башчысы Элла Памфилова президенттик шайлоодо Владимир Путиндин шайлоочулардын 87,28 пайызынын добушун алып, утуп чыкканын жарыялады.

Памфилова  өткөргөн маалымат жыйынында президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады.

Аралыктан электрондук добуш берүү менен шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн 77,49 пайыз болгонун жана 87 миллион 576 миң 75 киши добуш бергенин белгилеген Памфилова : «Заманбап Россиянын тарыхында мындай көрсөткүч болгон эмес»,-деди.

Шайлоону талапкерлерден президент Путиндин добуштардын  87,28 пайызын алып утуп чыкканын билдирген Памфилова Путинге  76 миллион  277  миң  708 кишинин добуш бергендигин билдирди. 

Памфилова Коммунисттик партиянын талапкери Николай Харитоновдун 4,31 пайыз менен 3 миллион 768 миң 470 добуш, Жаңы Элдик партиянын талапкери Владислав Даванковдун 3,85 пайыз жана 3 миллион 362 миң 484 добуш, ал Либерал-демократиялык партиянын талапкери  Леонид Слуцкийдин   3,20 пайыз менен 2 миллион 797 миң 629 добуш алганын белгиледи.

Кайрадан шайланган шайланган путин  6 жыл дагы президенттик кызматын аткарат. Май айында учурдагы кызмат мөөнөтүнүн акырына чыгышы менен ант бере турган Путин 5 -  жолу Россиянын президенттик кызматты аткарат. 

 

Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин  Путин жарандарга видео кайрылуу менен кайрылды.

Путин ар бир талапкердин маселелерди чечүү тууралуу конструктивдүү сунуштарын биргелешкен иштерде өлкөнүн өнүгүшү  үчүн пайдаланышарын белгиледи. 

Добуш берүүгө катышкандардын барына ыраазычылык билдирген Путин элдин өзүнө болгон ишенимин актоо үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар