Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Израилдин Газа тилкесине кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2117944
Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Израиль армиясынын жардамдардын кирүүсүнө тоскоол болуп ачарчылыкка алып келген Газа тилкесине 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 104 кишиге көбөйүп 31 миң 923кө жетти.  

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 166 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесине кол салууларында дагы 104 палестиналыктын каза болгондугу, 162 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 31 миң 923кө, жаралуулардын саны 74 миң 96га жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар