Эстония Украинага аскер жибербөөнүн кепилдигин бере албайт

Эстониянын премьер-министри Кажа Каллас депутаттар менен өткөргөн жыйында Украинага аскер жөнөтүүнү четке кагуу кепилдигин бере   албастыгын билдирди.

2115290
Эстония Украинага аскер жибербөөнүн кепилдигин бере албайт

Эстониянын премьер-министри Кажа Каллас депутаттар менен өткөргөн жыйында Украинага аскер жөнөтүүнү четке кагуу кепилдигин бере   албастыгын билдирди.

Каллас  депутаттарга карата брифингинде келген суроолорго жооп берди. Күн тартибинде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн аскер жиберилиши тууралуу  маалыматтар келген. ЭКРЕ фракциясынын депутаттары өкмөттөн Украинага аскер жиберилбейт деген кепилдикти талап кылышы менен Каллас мындай чечимдердин  бир адамдын ыйгарым укуктарына кирбегендигин айтты. 

"Өлкө чек араларынын тышына аскер жиберилиши үчүн Риигикогунун расмий уруксаты керек, ошондуктан бул чечимди чыгара турган да силерсиңер. Мен жалгыз мындай чечимди чыгара ала турган күчтө эмесмин. Силердин кабарыңар болбостон бул чечим чыкпайт",- деген премьер  - министр муну менен бирге Эстониянын коргоо күчтөрүнүн азыркы учурдагы кырдаалда өзгөрүү болсо Украина согушуна жиберилбей тургандыгынын кепилдигин бере албай тургандыгын билдирди. 

"Кырдаал өзгөрүшү мүмкүн жана силер кийлигишүү деген нерсе башка бир мааниге келиши мүмкүн. Бүгүн биздин Украинага аскердик жардам берүүбүз да кийлигишүү катары мүнөздөлө алат. Биз Украинанын жеңишин, Россиянын жеңилишин жана чек араларына чегинишин каалайбыз. Украинаны колдоо позициябызды так белгиледик, Россия биз үчүн түздөн түз коркунуч",- деди. 

 



Тектеш кабарлар