Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...

Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

2133007
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Араб Лигасы тарабынан Газа боюнча изилдөө жүргүзүү үчүн түзүлгөн «Газа байланыш тобу», эл аралык коомчулуктан Израилге каршы таасирдүү санкцияларды киргизүүнү талап кылды.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта: «Эр-Рияддагы жолугушууда чогулган Байланыш тобу, Газанын басып алынган Палестина жерлеринин ажырагыс бир бөлүгү экенин, Палестина элинин аларды өз жеринен депортациялоо аракети чечкиндүү түрдө четке кагылганы жана Палестинанын Рефах шаарына карай кандайдыр бир аскердик операцияга каршы экени баса белгиленди»,деген билдирүүлөр камтылган.

Билдирүүдө Газа тилкесиндеги согушту токтоосуз токтотуу үчүн ислам жана араб дүйнөсүнүн биргелешкен аракеттерин активдештире турган механизм темасынын талкууланганы белгиленип, аралык гуманитардык укуктун негизинде жарандардын корголушу керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы жана борбор шаары Чыгыш Кудс жана 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралары болгон Палестина мамлекетинин таанылышы боюнча биргелешкен кадамдардын да сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө Байланыш тобунун эл аралык коомчулуктан Израилге курал экспортун токтотуу менен бирге таасирдүү санкцияларды киргизүүнү талап кылганы белгиленип, Батыш өлкөлөрүнүн Газадагы согуш жана Израилдин кылган кылмыштары, ал кылмыштарды токтотууну каалаган тынч демонстранттарга карата жасаган аракеттери тынчсыздандырганы белгиленди.



Тектеш кабарлар