Германия менен Бразилия Израилге чакырык салышты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы Адам укуктары Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Анналена Баербок Газадагы гуманитардык абалдын акыркы жумаларда «катастрофага» айланганын эскертти.

2107978
Германия менен Бразилия Израилге чакырык салышты

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Израилди эл аралык гуманитардык мыйзамдарды урматтоого жана палестиналык жарандарды жакшыраак коргоо үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы Адам укуктары Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Анналена Баербок Газадагы гуманитардык абалдын акыркы жумаларда «катастрофага» айланганын эскертип, Израиль өкмөтүн Эл аралык Адилеттик Сотунун акыркы чечимине баш ийүүгө  жана аймакка көбүрөөк гуманитардык жардам көрсөтүлүшүнө  уруксат берүүгө үндөдү.

Баербок сөзүн улантып: «Баардык өлкөлөр сыяктуу эле Израиль да өзүн коргоого укуктуу. Ар бир мамлекет сыяктуу эле муну эл аралык гуманитардык укуктун алкагында жасашы керек. Мага окшогон энелер чатактан дүрбөлөңгө түшүп, айласы кетип, ыйлаган балдарын артына сүйрөп качып жатышат. Көпчүлүк балдар жылаңаяк, ачка, үйүнүн урандыларынын арасында  жалгыз тентип жүрөт. Кээде булар менин кыздарым болсо эмне болмок деп кыялданам.

Биз көптөгөн досторубуз менен бирге гуманитардык ок ​​атышууну токтотууга алып келе турган гуманитардык тыныгуу үчүн талыкпай иштеп жатабыз. Жарандар корголушу керек жана Газа элине көбүрөөк жардам жеткирилиши керек. Муну мен октябрь айынан бери аймакка жасаган беш сапарымда израилдик өнөктөштөрүбүзгө айттым»,- деди.

Кеңеште сөз сүйлөгөн Бразилиянын адам укуктары жана калк министри Сильвио Алмейда Кеңештин расизмге, гендердик теңсиздикке, антисемитизмге жана мусулман душмандыгына каршы турушу керектигин айтты.

Өлкөсүнүн Израилдин 7-октябрдан бери 30 миңге жакын палестиналыктын өлүмүнө себеп болгон «ченемсиз күч колдонуусун» четке какканын белгилеген Алмейда : «(Израиль) көбү аялдар жана балдардан турган Газа калкынын 80 пайыздан ашыгын күч менен жер котортту жана миңдеген карапайым калкты электр энергиясынан, ичүүчү суудан, тамак-аштан жана негизги гуманитардык жардамдан ажыратты»,-деди.

Алмейда: «Эркин жана эгемендүү Палестина мамлекетинин курулушунун тынчтыктын «бирден бир шарты» экенин айткан менен, «Израилдин Палестина жерлерин басып алуусунун мыйзамсыз экенин жана эл аралык эрежелерди бузганын баса белгилегибиз келет»,-деп айтты.

Human Rights Watch уюмуна караганда Эл аралык Адилеттик Сотунун өткөн айдагы чечимине карабай, Израиль Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө барган сайын көбүрөөк бөгөт коюуда.

Human Rights Watch уюмунун жаңы баяндамасында, «Чындыгында, Израилдин бийликтери акыркы апталарда Эл аралык Адилеттик Сотунун чечимине чейинки бир нече жумага караганда Газага азыраак жүк ташуучу унааларды киргизип, гуманитардык миссиялардын Газанын түндүгүнө өтүүгө азыраак уруксат берди», - деп айтылат.

Өткөн айда Эл аралык Адилеттик Соту Израилден анын күчтөрү Газада геноцид аракеттерин жасабоосун жана палестиналык жайкын тургундарга гуманитардык жардамдын берилишине кепилдик берүүнү талап кылган.

7-октябрда Хамастын чабуулунан кийин Израил Газа тилкесине аскерий чабуул баштаган. Бомбалоолордун натыйжасында 30 миңге жакын адам каза таап, 70 миңден ашуун киши жараат алды.

Тель-Авив 1200дөй израилдик өлгөнүн жарыялаган чек ара чабуулунан кийин ХАМАСтын колунда 130дан ашуун израилдик барымтада экени болжолдонууда.



Тектеш кабарлар