БУУнун Ливандагы Убактылуу Тынчтык Күчү эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун Ливандагы Убактылуу Тынчтык Күчтөрү (UNIFIL) Израиль армиясы менен Хизбуллах кыймылынын ортосундагы кагылышуулардын күчөп, жайылып баратканын эскертти.

2108130
БУУнун Ливандагы  Убактылуу Тынчтык Күчү эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун Ливандагы Убактылуу Тынчтык Күчү (UNIFIL) Израиль армиясы менен Хизбуллах кыймылынын ортосундагы кагылышуулардын күчөп, жайылып баратканын эскертти.

UNIFIL  X социалдык медиа платформасынан Израиль күчтөрү жана Хизбуллахтын арасында  8 -  октябрдан бери уланып келе жаткан кагылышуулар тууралуу маалымат берди. 

Билдирүүдө көптөгөн адамдын өлүмүнө себеп болгон кагылышуулардын аймактагы үйлөргө жана инфраструктурага да зыян келтиргени белгиленген билдирүүдө : "Кагылышуулар Көгүлтүр линиянын эки тарабында (Израиль-Ливан чек арасы) он миңдеген жарандын өмүрүнө таасирин тийгизип,  коркунуч жаратууда. Кол салуулар күчөп, жайылып баратканын көрүп жатабыз",- деп айтылды.

Билдирүүдө UNIFILдын акыркы күндөрү чыңалууну азайтуу жана кооптуу түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн чыр - чатактын тараптары менен байланышта болгону белгиленип : "Акыркы абалдар саяий чечүүчү жолду коркунучка салуу потенциалына ээ",- деп айтылды. 

Билдирүүдө тараптарга аймактагы чыңалууну басаңдатууга, коопсуздук менен ырааттуулукту калыбына келтирүүгө жол ача турган дипломатиялык чечимге орун бошотуп берүүгө чакыруу салынды. 

Израиль армиясы жана Хизбуллахтын ортосунда  8 - октябрдан бери болуп жаткан  кагылышууда 219 Хизбуллах мүчөсү, 43 ливандык жаран, 11 Амал кыймылы, 12 Хамас жана 12 Исламдык Жихад мүчөсү, 6 израилдик жаран жана 11 аскер каза болду.

 



Тектеш кабарлар