Кызамыкка чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Европада 2023-жылы ооруга чалдыккандардын санынын 30 эседен ашык көбөйгөнүн жарыялады.

2106643
Кызамыкка чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Дүйнө жүзү боюнча кызамыкка чалдыккандардын саны көбөйүүдө.

Согуштар, калктын кыймылдуулугу, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясы жана антивакцинация сыяктуу ар кандай себептерден улам дүйнө жүзү боюнча кызамык оорусунда олуттуу өсүш байкалууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Европада 2023-жылы ооруга чалдыккандардын санынын 30 эседен ашык көбөйгөнүн жарыялады.

Кызамык, эмделбеген балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат.

Адистер кызамык вакцинасы баш болгон балдардын бардык эмдөөдөн толук өтүшү керектигине көңүл бурууда.

Илдетке чалдыккандардын санынын көбөйүп жатканын бирок азырынча эпидемия деңгээлинде эмес экенине басым жасаган адистер, оорудан коргонуунун бирден-бир жолунун эмдөө экенин айтышты.



Тектеш кабарлар